• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Измирдеги өрттөн жабыркаган кыргызстандык аялдын абалы оор

Коом 0

Бишкек, 11.03.18 /Кабар/. Түркиянын Измир шаарындагы мейманканадагы өрттөн жабыркаган Кыргызстандын жаранынын абалы оор. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Өрт "Алижан" отелинде чыккан.

ТИМдин маалыматы боюнча, учурда 4 адам жабыркап, алардын бири КР жараны М.Ж. кызы экени белгилүү.

Измирдин укук коргоо органдары өрттүн чыгышынын себебин иликтешүүдө.

КР Башкы консулдугунун кызматкерлери кыргызстандык аял жаткан оорукана менен байланышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча жаран оор абалда.

ТИМ бул маселени көзөмөлүнө алды.

Пикир

Оставить комментарий