• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Изникте кыргыз жоокерлерине арналган "Кыргыздар күмбѳзүндө" эскерүү иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкеук, 16.05.22. /Кабар/. Түркиянын Изник шаарында 15-май күнү кыргыз жоокерлерине арналган "Кыргыздар күмбѳзүндө" эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркиядагы кыргыз элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Стамбулдагы Башкы консул Лира Сыдыкова, Изник районунун башчысы Режаи Карал, Изник шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Кыргызстан достук жана маданият коомунун мүчөлөрү катышты.

Башкы консул мекендештерге кайрылуусунда уюштуруучуларга, катышуучуларга жана келген конокторго ыраазычылык билдирип, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн максаты кыргыз элинин ынтымагы, каада-салтын жайылтуу үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жарандарды кыргыздын каада-салтын, маданиятын жайылтуу, Түркиядагы кыргыздардын абалын жакшыртуу үчүн биргелешип иштөөгө чакырды.

Иш-чаранын алкагында Изник көлүнүн жээгинде орун алган борбордук сейил бакта кыргыздын улуттук оюндары ойнолуп, ар кандай мелдештер уюштурулуп, жергиликтүү тургундардын кызыгуусун жаратты.

Маалымат үчүн: Изник шаары (эски аталышы Никея) Стамбул шаарынан түштүк тарапта 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Изниктин аймагында жергиликтүү калкка "Кыргыздар түрбеси", башкача айтканда, 13-кылымда Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин эстелиги деп таанылган күмбѳз жайгашкан.

Ал күмбөз согуштагы каармандыгын көрсөткөн кыргыз жоокерлеринин урматына 13-кылымдын аягында Султан Орхан Гази башкарып турган учурда курулган.

2000-жылдарда Түркиянын башкы башкаруу фонду аталган тарыхый эстеликти дээрлик кайрадан калыбына келтирген. 2006-жылдын октябрь айында Күмбөздүн жанына скульптор Т.Садыков тарабынан жасалган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулган.

Пикир

Оставить комментарий