• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Изникте «Манас» айтууну уюштуруп, Гиннесстин рекорддор китебине киргизүү сунушталды

Маданият 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Бурса шаарынын мэриясынын Маданият жана Туризм департаментинин жетекчилиги жана Бурса шаарынын туристтик агенттиктердин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында Кыргызстан тууралуу презентация жасалып, өлкөгө туристтерди тартуу жана өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу кенен маалымат берилди.

Мындан тышкары, түрк тарап Бурса шаарынын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, өз кезегинде кол өнөрчүлүк боюнча ар кандай мастер-класстарды өткөрүү, эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалына катышуу, Түркиянын жана Кыргызстандын журналисттери үчүн инфотур өткөрүү жана Түркиядан туристтерди тартуу үчүн Кыргызстанга саякат жасоону сунуштады.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Түркиянын Изник шаарында «Манас» эпосун айтууну уюштуруп, Гиннесстин рекорддор китебине киргизүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий