• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Израиль элчиси аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына планшеттерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Израилдин элчиси аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына планшеттерди тапшырды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, белек тапшыруу аземи Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун Израилдин Кыргызстандагы элчиси Лиат Вексельман менен жолугушуусу учурунда болду.

Жолугушууга европа диаспорасынын Кыргызстандагы төрагасы В.Крицман жана социалдык маселелер боюнча вице-мэр А.Чыныбаева катышты.

Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, андан тышкары Хайфа жана Бишкек шаарларынын ортосундагы өз ара аракеттерди бекемдөө талкууланды.

Андан кийин Израиль элчиси жолугушуунун алкагында шаардагы мектептерде окуган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына планшеттерди белекке берди.

Б.Кудайбергенов кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, иш сапары менен келгени үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий