• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Израиль компаниясы Өзбекстанда 46 миллион долларга тоок фермасын курат

Дүйнө 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Израилдин Levia Group компаниясы Өзбекстандын Анжиян облусуна жылына 14 миң тонна бройлер этин өндүрө ала турган тоок фабрикасын курат.

Жергиликтүү ЖМКлардын кабарлашынча, быйыл май айында аймакка Levia Group компаниясынын өкүлдөрү барып, фабрика курула турган жер боюнча жергиликтүү бийлик менен макулдашып кетишкен.

Мындан тышкары Levia Group компаниясы менен «Узбекозиковкатхолдинг» ишканасынын ортосунда эт багытындагы биргелешкен тоок фермасын түзүү тууралуу меморандумга кол коюлган. Анда курулуш иштеринин баасы 46 миллион долларга бааланган.

Пикир

Оставить комментарий