• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Израилдин премьер-министрине коррупция айыбы тагылды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Израилдин Башкы прокуратурасы өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга коррупция айыбын такты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Өкмөт башчы үч иш боюнча коррупцияга айыпталары быйыл февралда эле белгилүү болгон. Прокурорлор Нетаньяху ишкерлерден 300 миң долларга бааланган белектерди алганын белгилешкен. Мындан тышкары басылмаларда өзү тууралуу позитивдүү маалыматтар чыгып турушу үчүн медиабизнес өкүлдөрү менен тыгыз кызматташканы айтылган.

Нетаньяху өзүнө каршы башталган тергөөнү жаңылыштык деп атап, айыптоолордун бардыгын четке каккан.

Учурда Израилде саясий каатчылык өкүм сүрүүдө. Сентябрда өткөн экинчи жолку парламенттик шайлоодон кийин дале болсо өкмөт түзүлө элек. Нетаньяхунун көпчүлүк коалиция куроо боюнча бир канча жолку аракети майнапсыз аяктаган. Андан кийин өкмөттү түзүү укугу оппозициялык партиянын лидери Бени Ганцка берилген. Эгер ал дагы башка фракциялар менен мунасага келбесе, өлкөдө жаңы парламенттик шайлоо жарыяланышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий