• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Аманкулов: Олимпиадалык резервдеги спорт окуу жайы колледж болуп өзгөрөт

Спорт 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Бишкектеги Олимпиадалык резервдеги республикалык спорт окуу жайы ушул жылдын аягына чейин "Улуттук" макамы бар колледж болуп өзгөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

"Спорттук Кыргызстан" жана жаштарды өнүктүрүү программасына өзүнчө көңүл бурулат. Алар Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын негизги багыттарына туура келет", - деди Аманкулов.

"Аны менен катар акыркы жыйынтыктарды эске алып, өлкөдө футболду өнүктүрүүнүн комплекстүү программасын иштеп чыгат жана ишке ашырат. Ушундай эле программалар спорттун башка артыкчылыктуу багыттары боюнча иштелип чыгат", - деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий