• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көбү Бишкекте. Акыркы суткада 355 кыргызстандык COVID-19дан сакайып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 355 кыргызстандык сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штаб тараткан маалыматка караганда, Бишкек шаарында 108 киши, Ош шаарында – 21, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 51, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда 20 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 34 миң 306га жетти.

Пикир

Оставить комментарий