• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Көбү Бишкекте. Акыркы суткада дагы 116 кыргызстандыктан COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 116 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, Бишкекте коронавирус – 54 адамдан, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 11, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 130 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 55, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 41, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда - 1 бейтап коронавирустан айыгып чыкты”, - дейт Акматалиева.

Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 533 бейтап, амбулатордук түрдө 646 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен эки, ал эми стационардан бир медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 179 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 95 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп кошумчалады Айнура Акматова.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 762 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 232 киши айыгып чыкса, 1 миң 415 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий