• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көбү Бишкекте. Кыргызстанда дагы 161 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус дагы 161 адамдан жаңы табылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайы, Бишкекте – 97, Ошто – 6, Чүй облусунда – 46, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл – 7, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 108 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 67, Чүй облусунда – 32, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда – 1.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки, Чүйдө бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 690 бейтап, амбулатордук түрдө 623 адам дарыланууда. 518 бейтаптын абалы орто оордукта, 147 адамдын абалы оор жана 23 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен эки медкызматкери айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 4 миң 282 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 215 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 438 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 496 киши айыгып чыкса, 1 миң 512 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий