• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсү иштелип чыгып, алгач ирет коомдук талкууга коюлат

Коом 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайларынын билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин үлгүсүн иштеп чыгып, аны коомчулуктун назарына сунуштайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жаралып жаткан көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн 20 адамдан турган мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ага жогорку окуу жайлардын, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кирген.

Жумушчу топ тиешелүү документтер боюнча өз сунуш пикирлерин иштеп чыгып, 16-декабрга чейин күбөлүк, аттестат жана дипломдун үлгүсүн сунушташат. Документтер комиссиянын жалпы жыйынында жактырылгандан кийин министрликтин расмий сайтына жарыяланат.

"Үлгүлөр эки апта коомчулуктун назарында болуп, документтер, келип түшкөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен бекитилет", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий