• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көбү Нарында. Кыргызстанда дагы 27 адамда COVID-19 табылды. Жалпы 1243

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 19-май саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 27 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 243 адамга жетти.

"Жаңы 27 учурдун ичинен Бишкек шаарында - 6 + 1 учур Санк-Петербург шаарынан келгендердин арасынан табылды. Чүй облусунда 3 учур Соль-Илецк шаарынан келгендер арасынан аныкталды. Нарын облусунда - 11 учур катталса, Ош облусунда 6 адамда коронавирус табылды", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий