• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көбү Ош шаарында. Кыргызстанда дагы 38 адамда COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 6-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 974 адамга жетти.

"Сутка ичинде Бишкек шаарында - 9, Ош шаарында - 11, Ош облусунда - 2 учур, Нарын облусунда - 3, Чүй облусунда - 10, Баткен облусунда - 1 жана Жалал-Абад облусунда - 2 учур катталды", - дейт ал.

Башкы санитардык дарыгердин маалыматы боюнча, бүгүн жаңы катталган 38 учурдун 29у үй карантининде турган жарандардан, 3 учур чет өлкөдөн келгендерден аныкталды. Калган 6 учурдун вирус жуктурган булагы тактала элек.

Пикир

Оставить комментарий