• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көчөдө кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт, жарандардын баары нааразы - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Жакында Ички иштер министрлигиндеги мамлекеттик кызмат көрсөтүү Борборуна бардым. Ал жерде ар түрдүү уруксат каттары, ошондой эле соттолбогондугу тууралуу маалым каттар берилет экен. Буга чейин бул нерсе узак жылдар бою элдин нааразычылыгын туудурган, өтө коррупцияланган процесс болчу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Мамлекет башчы билдиргендей, бүгүн бул көрүнүш жок. Аталган Борбордун курулушуна 11 млн сомдон бир аз ашык каражат жана болгону 4 ай убакыт кеткен.

"Мамлекеттик каттоо кызматынан мен ушуга окшогон мамилени канча жолу сурадым. Премьер-министр болуп турганда да айткам. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок. Мамлекеттик каттоо кызматы кызматтарды санарипке өткөрүү боюнча алдыңкы позицияда болушу керек. Бирок учурда паспорт алуу процессинде гана ийгиликтүү. Эмне үчүн ушундай эле процесс транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодо, жарандык актыларды каттоо системасында байкалбайт. Кечээ эле биз Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ишин көрдүк", - деп билдирди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы, көчөдө кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт, жарандардын баары нааразы экендигин айтты.

"Ал эми ичинде жетекчиси жана анын кол алдындагылар акча табууга шарт түзгөн коррупциялык схемасын түзүп алышкан. Мындан улам — автомектептердин бүтүрүүчүлөрү сапатсыз болуп, ар кандай жол-транспорт кырсыктарын жаратууда. Алардын айынан жарандарыбыздын, айрыкча балдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралып жатат. Жарандарыбыздын ою боюнча Мамлекеттик каттоо кызматкерлери коррупциялык механизмдерди жок кылууга жакшы аракет кылбай жатат. Мен алардын оюна кошулам", - деп баса белгиледи президент.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чараларды караган Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий