• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Көчө футболу боюнча дүйнө чемпиондугу: Кыргызстан 4-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 06.09.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Норвегиянын Осло шаарында өткөн көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстан аялдар курама командасы төртүнчү оорунду ээлешти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты Homeless World Cup билдирет.

Кыргызстандын курама командасы үч жолу жеңишке жетишип, бир ирээт тең чыгып, кийин 8:0 эсебинде Чилинин курама командасынан жеңилип калган.

Эрежеге ылайык, коло медаль үчүн кыздар Кениянын курама командасы менен ойношу керек болчу. Бирок спортчулар 4:2 эсебинде жеңилип калышты.

Мелдеш Норвегияда 29-августтан 5-сентябрга чейин өттү. Биринчи орунду мексикалыктар, экинчини Чили курама командасы багындырды.

Пикир

Оставить комментарий