• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Күч органдары абакта "общакка" деп мыйзамсыз акча жүгүртүүнү аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Күч органдары абакта "общакка" деп мыйзамсыз 297 миң сом жана 8 миң 200 доллар акча жүгүртүүнү аныктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында эркиндигинен ажыратылган жайда криминалдык статуска ээ жана кылмыштуу аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү аныкталды. Соттолгон 28 жаштагы К.Э. жана 33 жаштагы Т.Р. аттуу жаран абактардын биринде жазаларын өтөө менен бирге көп убакыттан бери соттолгон адамдардан акча опуза талап кылып, алдамчылык, баңгизаттарды сатуу, кумар оюндарды өткөрүү менен алектенип жүрүшкөн.

Топтолгон каражаттар "общактардык эсебине" жөнөтүлүп турган. Кылмыштуу жол менен түшкөн акча каражаттары "Элсом" мобилдик тиркемеси менен келип түшүп турган. Андан соң бул акча каражаттар кылмыштуу зарылчылыктарга бөлүнүп турган. Кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү аныкталып, алардан "общакка" деген акча каражаты табылып алынды.

Алар мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу жолдору менен алектенип жүрүшкөн. Кармалгандардын ичинде аял кишилер дагы бар. Фигуранттардын жашаган жери боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 297 миң сом жана 8 миң 200 доллар табылды.

Кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий