• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери КР бийлигине алардын талаптарын угууну талап кылышууда

Коом 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ардагерлери мамлекет башчынын жана Аскер прокуратурасынын дарегине бир нече талап менен кайрылышты. Талаптар тууралуу алар бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында айтып беришти.

Журналисттер менен жолугушууда катышуучулар Аскер прокуратурасы тарабынан аларга карата козголгон кылмыш иши боюнча нааразычылыктарын билдиришти. Аны мыйзамсыз деп эсептей тургандыктарын билдиришип, соттук териштирүүлөр жана камакка алуу учурлары тууралуу айтып беришти.

Жабыркагандардын бири чек ара түзүмүнүн ардагери Орунбек Чондоевдин айтуусунда, Аскер прокуратурасы тарабынан кысым көрсөтүүгө пенсия жөлөкпулдарын алуу үчүн берилген катталган жана жашаган жеринен берилген маалымкаттар себеп болгон.

Маалым болгондой, жабыркагандардын бардыгы Нарын облусунун жашоочулары, алар бийик тоолуу аймакта жашагандары үчүн жогорку пенсия алууга талапкер болгондор.

Бирок Аскер прокуратурасы жүргүзүлгөн тергөөгө таянып, маалымкаттарды жалган деп тапкан, ал өз кезегинде ардагерлерге карата козголгон кылмыш ишине себеп болгон.

Ошондой эле алар кошумчалагандай, дал ушундай эле жагдайга Алай районунда жашагандар да дуушар болушкан. Бирок маалымат жыйынга бир гана Нарын облусунун ардагерлери чакырылган.

Ошентип, жабыркагандар өлкө бийгилин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу уюштурууну, ал тарабынан Конституциянын кепилдиги жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы катары коргоону суранышууда.

Ардагерлердин экинчи талабы – Аскер прокуратурасын таркатуу. Анткени алар ардагерлердин талабын талашуунун ордуна жеке кызыкчылыктар үчүн иштеп калды.

Үчүнчү жана эң маанилүү талаптардын бири – үй-бүлөлөрүн багып жана тынч жашаш үчүн жабыркагандардын бардык айыптарын алып салуу болду. Жабыркагандар билдиргендей, козголгон кылмыш ишинин негизинде алар ар дайым укук коргоо кызматкерлеринин дыкат көзөмөлүндө болуп турушат, жада калса өлкө ичинде да аймактан тышкары чыга алышпайт.

Бул өз кезегинде алардын жакын туугандарына да таасирин тийгизүүдө. Алсак, жабыркагандардын биринин уулун атаң алдамчы деп жумуштан алышкан.

Пикир

Оставить комментарий