• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Күч түзүмдөрүнүн жалпы 82 кызматкерине коронавирус жуккан - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин арасында коронавирус жуккан жалпы 82 учур катталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 82 кызматкердин 33ү айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Ал эми учурда 49у стационарларда дарыланууда.

Белгилей кетсек, 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 37 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1350нү түзөт. Алардын ичинен 949 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий