• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Күч түзүмдөрүнүн арасында армиялык кармашуу боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Коргоо министрлигинин “СКА” мамлекеттик мекемесинин базасында 23-26-март аралыгында күч түзүмдөрүнүн арасында армиялык кармашуу боюнча мушкерлердин чемпионаты өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, чемпионаттын катышуучулары ар түрдүү салмактагы категорияларда өз күчтөрүн көрсөтө алышты.

Иш-чаранын максаты - аскердик-прикладдык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана өлкөнүн күч түзүмдөрүндө бул өнөрдүн түрүн жайылтуу.

Пикир

Оставить комментарий