• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Көчкү алдында калган жарандардын болжолдуу тизмеси

Кырсык 0

Бишкек, 29-апрель /Кабар/. Жалпысынан Өзгөндөгү жер көчкүнүн алдында 24 адам калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Тизме:

1.К.И. (эркек киши) (аялы, 2 уулу, 2 кызы болгон)-6 жан.

2.К.М. (эркек киши) (1кызы).-2 жан.

3.Р.Х. (эркек киши) (аялы, 1 кызы, 2 небереси)-5жан.

4.Р.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу,1 кызы)-4 жан.

5.Р.И.дин (эркек киши)1 уулу болгон.-1 жан.

6.К.А. (эркек киши) (аялы, 1 уулу, 1 небереси, 1 келини, 1 уулу)-6 жан.

Жалпы: 6 үйдө 24 жаран.

Кырсык катталган жерде 182 куткаруучу издөө иштерин улантып жатат, Ыкчам штаб түзүлдү. КР Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынан кошумча 100 жоокер тартылат. ИИМден-50 кызматкер, медицина кызматынан - 15 кызматкер. Издөө иштерине Унаа жана жолдор министрлигинин 956 жол тейлөө ишканасынан 1 даана инженердик техника тартылган, кошумча ӨКМден 2 даана техника тартылышы каралууда.

Учурда коопсуз аймакка 40ка жакын үй-бүлө көчүрүү иш-чаралары уюштурулуп жатат, ӨКМден 5 орундуу 30 даана чатыр, 30 даана тазалык каражаттары (гигиенические средства) жана 30 даана ашкана буюмдары (куханная утварь) жеткирилет.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 28-апрель күнү саат 06:40 чамасында Ош облусунуну Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн м3 болгон жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Кырсыктын кесепетинен алдын ала маалыматка ылайык, 24 адам жер көчкүнүн астында калган. Бул турак үй ээлерине коопсуз жайга көчүп чыгуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Өзгөчө кырдаал катталган аймакта КР Өзгөчө кырдаалдар министри, КР ӨКМнин орун басары, Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, мониторинг департаментинин директорунун орун басары, КР ӨКМнин алдындагы ККББнун көчмө башкаруу пунткту, райондук бөлүм башчысы тактоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий