• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көчкү жүргөн Душанбе-Чанак автожолу бир тараптуу ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. 2-майда өлкөнүн түндүгү менен борборду байланыштырып турган Душанбе-Хожент-Чанак автожолунун бир бөлүгүндө көчкү жүргөн. Учурда жол бир тараптуу каттам үчүн ачылды.

IRS жол тейлөө компаниясынын маалымат катчысы Далер Абдулло окуя 2-майда саат эртең менен алтыда, жолдун 119-чакырымында болгонун билдирген. “Көчкүдөн улам 100 метрге чейинки жол талкаланган”,- деген ал.

Курмандыктар жок, бузулган жол кайрадан жасалат.

centralasian тажик кызматы кабарлагандай, жол бир тараптуу каттам үчүн ачылды, бирок жер көчкү жүрүү коркунучу сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий