• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көчмөндөр оюндары адамзатты бириктирет - Михаил Калмыков

ДКО 2018 0

Ысык-Көл, 06.09.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу иш-чаралар адамзатты бириктирет жана бүткүл адамзаттын өнүгүшүнө салымын кошот. Мындай ойлору тууралуу “ТАСС” агенттигинин башкы директорунун орун басары Михаил Калмыков “Кабар” агенттигине айтып берди.

“Оюндар сенин жаныңда эле жашаган эмес, он миңдеген чакырым алыста жашаган адамдардын жүрөгүнө жол табууга жардам берет. Мага аябай жакты. Ушундай салт бар экенине, оюндар үчүнчү ирет өткөрүлүп жатканына кубанычтамын. Менин билишимче Түркия кызыгып, кийинки оюндарды өзүндө өткөрүүгө бел байлап жатат. Бул география кеңейип жатканынан, катышуучулардын саны өскөндүгүнөн кабар берет”, - деди Калмыков.

Анын айтымында, бул жерде ар бир адам өзүнөн көчмөндөрдүн өзгөчөлүктөрүн тапса болот.

“Биз бул нерсенин жаратылышка жакын, тоолорго, күнгө, аттарга шайкеш келерин көргөндө башкача сезимдерге туш болобуз. Биздин техникалык кылымда жаратылыш, табигый нерселерди унутуп каласың, андыктан бул өтө баалуу. Бул жердин ашканасы жакшы экен, жөнөкөй жана так. Бул дагы албетте өзүнө тартат”, - деди ал.

“Бул жакта түрдүү өлкөлөрдүн адамдары жүргөнү кубанычтуу. Англис тилин дагы, француз тилин дагы уктук. Мындай форумдар, оюндар адамзатты бириктирет”, - деп белгиледи Калмыков.

Ал бүгүн Ысык-Көлдө өткөн КМШнын маалыматтык кеңешинде ички туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз болгонун айтты.

“Биз ички туризм бул КМШнын бардык нерсеси экенин түшүнүп турабыз. Бизде бири-бирибизге конокко келип туруу салттарыбыз бар. Жаратылышка суктануу үчүн гана эмес, сулуулуктарды, кооз жерлерди көрүү, даамдуу тамак-аштан ооз тийүү жана сүйлөшүү үчүн дагы келебиз. Акыр аягында башкы баалуулуктар – бул таза асман, тынчтык, оорулардын жоктугу, токчулук жашоо экенин түшүнөсүң. Адамзат ушул тарапка өнүгүшү керек”, - деди Калмыков.

Ал Көчмөндөр оюндары адамзаттын жалпы өнүгүүсүнө чоң салымын кошуп жатканын баса белгиледи.

Кырчындагы атмосфера тууралуу айтып жатып Калмыков ал өткөнгө жетелеп барарын айтты.

“Бул жерден аттарды моюнунан сылай аласың, төөнүн көзүнө карап, бүркүттөр менен сүрөткө түшсөң болот. Бирок эң башкысы – бул адамдар менен баарлашуу. Бул жөн гана көңүл ачуучу сейилдөө эмес, гуманитардык акция. Себеби адамдар адамзаттын чоң үйүнө тиешелүүлүгүн сезишет”, - деп жыйынтыктады Калмыков.

Пикир

Оставить комментарий