• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көчмөндөр оюндары – дүйнөлүк маанидеги иш-чара – Меньшикова

Коом 0

Ысык-Көл, 06.09.18 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк маанидеги иш-чара. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КМШнын маалыматтык кеңешмесинин катышуучусу, ТАСС агенттигинин эл аралык байланыш башкармалыгынын директорунун орун басары Наталья Меньшикова билдирди.

Ал мындай иш-чараларды өткөрүү аябай маанилүү экендигин белгиледи.

“Туризмди, этнотуризмди, башка өлкөлөрдүн маданияты жана каада-салттары менен тааныштыруу максатында гана эмес, маданиятты сактоо, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан адамдарды гуманитардык аянтчада бириктирүү жагынан бул иш-чара маанилүү.”

Ал үчүн өз мекени Кыргызстанга келүү жагымдуу болгонун айтты.

“Кыргызстан менин мекеним. Мен бул жерге бир нече жылдан бери келе элек болчумун. Мен үчүн туулган жериме кайтып келүү чоң бакыт. Республиканын кантип өнүгүп жатканын, бир нече иш-чаралар өтүп жатканын жана курулуш иши өнүгүп жатканын көрүп бактылуумун. Уникалдуу жаратылыш мени дайыма суктандырып келген. Мен Кыргызстанга өнүгүү жана бардык жакшы нерселерди каалайм. Кыргызстан тууралуу дүйнөнүн көп өлкөсү билип, жердин бул уникалдуу бурчун көрүшүн каалайм”, - деди Меньшикова.

КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин жыйыны бүгүн Ысык-Көлдө өттү. Жолугушууну “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги уюштурду.

Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында аталган ЖМКлардын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланды.

Отурумга “Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиев жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, ТАСС агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары Михаил Калмыков, ТАССтын КМШ жана Балтия секторунун жетекчиси Борис Грушин, “АЗЕРТАДЖ” Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Назим Хидиров, “Арменпресс” маалымат агенттигинин аткаруучу директору Арам Ананаян, Белоруссиянын “БелТа” телеграф агенттигинин башкы директору Ирина Акулович, “Казинформ” эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров катышты.

Пикир

Оставить комментарий