• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көчмөндөр оюндары суктандырууда – чет өлкөлүктөр III ДКО тууралуу

ДКО 2018 0

Бактуу-Долонту, 04.09.18. /Кабар/. “Кыргызстандын жаратылышы сонун, ал эми Көчмөндөр оюндары суктандырып жатат”, - дешти дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген чет өлкөлүктөр III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу.

III ДКО КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы ушул күздөгү маанилүү иш-чаралардын үчилтигине кирди. 2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде дароо бир нече масштабдуу иш-чара өтөт. ДКО эки түргө бөлүнгөн: маданият жана спорт. 70 өлкөдөн келген спортчулар катыша турган спорттук мелдештер Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Ал эми маданий бөлүгү Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.

Көчмөндөр оюндары дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн адамдарын чогултту. Чет өлкөлүктөрдүн көпчүлүгү көчмөн цивилизация эмне экенин жана ал каякта болгонун билгилери келген.

АКШдан келген Джон “Кабар” агенттигине Кыргызстан жана ДКО тууралуу ойлору менен бөлүштү.

“Мен Кыргызстанга алгачкы жолу келдим, мындан кийин дагы сөзсүз келем. Мага бул жердин маданияты, жаратылышы, тамак-ашы жана тоолору аябай жакты. Тилекке каршы биз ДКОнун ачылышына билет сатып алалбай калдык. Аны телевизордон көрүп, аябай жактырдык”, - деди ал.

Голландиялык Якуб аттуу фотограф Кыргызстандын жаратылышын жана адамдарын жактырганын айтат.

“Мен бул окуяны сүрөткө тартып жүргөндө кыргыздар жаныма келип сүрөткө түшүүнү сунушташты. Алар улуттук кийимдерин кийип жүрүшкөн, бактылуу болушчу. Бул аябай сонун болду. Экинчиден, III ДКОнун ачылыш аземи укмуштуудай болду. Мага аябай жакты”, - деди Якуб.

Пикир

Оставить комментарий