• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн ЖМК өкүлдөрү келишти

Коом 0

Чолпон-Ата, 02.09.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) чагылдыруу үчүн дүйнөнүн дээрлик 60 өлкөсүнөн ЖМК өкүлдөрү келишти. Бул тууралуу Ысык-Көлдө ДКОну чагылдырган чет элдик жана жергиликтүү журналисттер үчүн өткөрүлгөн биринчи маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

“Көчмөндөр оюндары кеңири спорттук жана маданий программа менен коштолгон уникалдуу долбоор. Бүгүн, ачылыш күнү дүйнөнүн ар кайсыл өлкөсүнөн келген ЖМК өкүлдөрүн көрүү абдан жагымдуу. Чет элдик журналисттердин жеткиликтүү иштеши үчүн тиешелүү болгон бардык шарттар түзүлгөн”, - деп билдирди министрдин орун басары.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов билдиргендей, ДКОнун программасына спорттун 37 түрү киргизилген: ат чабыш, ал үстүндө мелдеш, күрөштүн улуттук түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, жаа атуу, “Салбурун” боюнча мелдештер.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн дүйнөнүн 66 өлкөсүнөн жана Россиянын 11 субъектисинен 1556 адам билдирүү жөнөткөн. Бардыгы болуп 594 медаль ойнотулат (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медаль). III ДКОнун жалпы байге фонду 28 млн. сом деп бекитилген.

Белгилей кетсек, ири иш-чараны чагылдыруу үчүн Кыргызстанга дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 500дөн ашуун ЖМК өкүлдөрү келишкен. Алардын ичинен 500 телеканал, 12 радио, 67 маалымат агенттиктери, 48 гезит жана 50 блогер.

Көчмөндөр оюндарын 70 жергиликтүү ЖМКнын 700гө жакын өкүлү чагылдырат. Алардын ичинен 26 интернет басылмалар, 7 радио, 30 ашык мамлекеттик, облустук, жеке телеканалдар, 12 басылма каражаттары.

Пикир

Оставить комментарий