• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көчмөндөр оюндарында мангала боюнча оюндар аяктады

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 06.09.18./Кабар/. 2-сентябрдан баштап Ысык-Көлдөгү “Евразия” пансионатында үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттун интеллектуалдык түрлөрү боюнча оюндар өтүүдө.

Программага тогуз коргоол, мангала жана овари оюндары кирген.

Аталган мелдештерге 34 өлкөдөн 36 команда катышууда. Россиянын атынан Алтай жана Якутиянын командалары катышууда.

Тогуз коргоол – 85 спортчу (58 эркек, 27 аял).

Мангала 57 спортчу (40 эркек, 17 аял)

Овари – 54 спортчу каттоодон өткөн (35 эркек, 17 аял)

Овари боюнча мелдештер 6-сентябрда башталат. Мелдештер кыз-келиндер жана эркектер арасында өзүнчө өтөт.

“Оюндарга эл аралык класстагы спорт чеберлери катышууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мангала боюнча курама командасы 4 алтын, 2 күмүш медаль утуп, биринчи орунда келе жатат. Ошондой эле АКШнын жаш курама командасынын ийгилигин белгилеп кетким келет. Өзбекстандын курама командасы биринчи жолу алдыңкы үч орунга кирди. 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн, быйыл дагы жаңыртылган курам мыкты натыйжаларды көрсөтөт деген үмүттөмүн. Даярдыктар үчүн бюджеттен Мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча башкармалык тарабынан машыгууларды өткөрүүгө каражат бөлүнгөн. Бул бүгүнкү күндө КРнын өкмөтү спорттун интеллектуалдык түрлөрүнүн өнүгүшүнө керектүү көңүл буруп жатканынан кабар берет”, - деди оюндардын мангала боюнча эл аралык федерациясынын президенти Камчыбек Касымов.

Мангала боюнча оюндардын жыйынтыктары:

Эркектер арасындагы жеке эсеп:

1-орун – Анарбек Жамакеев – 6,5 упай алган (Кыргызстан);

2-орун – Кубан Сазаев – 6 (Кыргызстан);

3-орун – Максат Шотаев – 5,5 (Казакстан);

Эркектер арасындагы жалпы командалык эсеп:

1-орун – Кыргызстан – 12,5;

2-орун – Казакстан – 10,5;

3-орун – Өзбекстан – 9.

Кыз-келиндер арасында жеке эсеп:

1-орун – Азиза Жамансартова – 6,5 упай (Кыргызстан);

2-орун – Адина Асейева – 6,5 упай (Кыргызстан);

3-орун – Гүлнара Базаралиева – 6 (Казакстан).

Кыз-келиндер арасында жалпы командалык эсеп:

1-орун – Кыргызстан – 13 упай;

2-орун – Казакстан – 11 упай;

3-орун АКШ – 7,5 упай.

Мангала – түрк элинин интеллектуалдык-стратегиялык оюну. Анда эки киши ойнойт. Мангала оюну 48 таш менен ойнолот.

Пикир

Оставить комментарий