• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көчмөндөр оюндарында медалдын саны боюнча Кыргызстан алдыга чыкты

ДКО 2018 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдын саны боюнча Кыргызстандын курамасы алдыга чыкты. Учурда КР курамасынын байге куржунунда 43 медаль бар. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында маалымдалат.

КР спортчулары 15 алтын, 15 күмүш жана 13 коло медаль утушкан. Кыргызстандан кийинки орунда Россиянын өкүлдөрү турат, алардын байге куржунунда 24 медаль бар (11-5-8). 3-орунда Казакстан, аларда 32 медаль бар (9-9-14).

Түркия-18, Иран-8 медаль алды.

Пикир

Оставить комментарий