• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземине 125 миллион сом коротулат

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Сентябрдын башында Ысык-Көлдө өтө турган 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземдерине 125 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.

Анын айтымында, Көчмөндөр оюнуна даярданууга жана өткөрүүгө министрлик 175 миллион сом бөлүп берген. Бул акчадан ачылыш аземине 125 миллион сом, Кырчындагы этношаарчаны уюштурууга 50 миллион сом, атамекендик жана чет өлкөлүк журналисттерди алып жүрүү, жайгаштыруу, тамактануусу үчүн 25 миллион сом, этнофестиваль үчүн 15 миллион сом жумшалат.

“2016-жылы Көчмөндөр оюндарына 258 миллион сом коротулган. Быйыл болсо биздин линия боюнча 175 миллион сом”, - деди ал.

Темирбекова ар бир тендерди жарыялоонун адында кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын анализи жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

“Транспортту дагы биз карап чыктык. 2016-жылдагы каталарыбызды эске алдык. Биз ал учурда чоң бустарды жана автобустарды эле алганбыз. Былтыр план мамлекеттик органдардын биринде иштелип чыгып, тендер башкасында жарыяланган. Быйыл баары Маданият министрлигинде жасалды.Эгерде 2-3 журналист келсе, алар бус толгуча күтүшпөй турганын эске алдык. Биз минивендерге дагы тендер жарыяладык”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий