• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Көчмөндөр оюндарынын спорттук бөлүгү 90% аяктады

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 07.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук бөлүгү 90 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, эртеден бери өзбек күрөшү боюнча мелдештер өтүүдө, азыр самбо боюнча мелдеш башталат. Кечинде көк бөрү боюнча финалдык беттеш болот.

Эртең тогуз-коргоол боюнча оюндардын жыйынтыгы чыгат.

Арпачиев билдиргендей, азыркы учурда Алыш күрөшү жана тогуз-коргоол боюнча дүйнө чемпионаты болуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий