• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда бензиндин баасы дагы кымбаттайбы? Жооп

Коом 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков республиканын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунун негизги операторлору менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда баалар, жеткирүүлөр, көйгөйлүү маселелер жана рынокто бааларды тегиздөө боюнча мындан аркы чаралар талкууланды.

Анда нефтетрейдерлер баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун дизелдик отундун экспорту кыскарып жатканына тынчсыздануусун билдиришти.

Нефтетрейдерлердин айтымында, жыл башынан бери дизель отунунун сатуу баасын тоннасына 600 АКШ доллары, АИ-92 бензинине 370 АКШ доллары деңгээлинде жогорулатуу белгиленген. Ал эми акыркы бир айда россиялык мунай кайра иштетүүчү заводдорунун дизелдик отундун дүң баасын жогорулатуу тоннасына 300 АКШ долларын түздү.

Жолугушууда нефтетрейдерлер дизелдик отунга ички бааны көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Буга байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ыйгарым укуктарынын чегинде өткөн кеңешменин жыйынтыгы боюнча нефтетрейдерлерге төмөнкү сунуштарды берди:

- бааларды кармап туруу, алардын баа саясатын турукташтыруу боюнча бардык мүмкүн болгон чараларды көрүү;

- күйүүчү-майлоочу материалдар рыногун толтуруу жана мунай продуктуларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө үчүн зарыл резервдерди камсыз кылуу;

- КРнын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так аткаруу;

- май куйуучу жайларда КММ толук толтурулбагандыгынан улам көзөмөлдү күчөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууга жол бербөө;

- рынок конъюнктурасы өзгөргөн учурда алдын ала чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен Монополияга каршы органга кайтарым байланышты камсыз кылуу.

"Жогоруда айтылгандардын негизинде иш-чаралардын комплекси иштелип чыгып, КР Экономика жана соода министрлигине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий