• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Күйөөсүн бычактаган Чүй ОИИББнин мурдагы башчысынын аялын үйүнө коё беришти

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.18./Кабар/. Күйөөсүн бычактаган Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы башчысынын аялын үйүнө коё беришти. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, мындай чечим Свердлов райондук сотунда кабыл алынган.

“Кармалган аялды сот залында үй камагына чыгарышты. Кылмыш ишин “бейбаштык” беренесинен “билип туруп ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине которушту.

Эске сала кетсек, Чүй ОИИББнин мурдагы башчысы Нурлан Сарчаевдин жубайы жолдошуна пикир келишпестиктин натыйжасында эки жолу бычак сайган.

Пикир

Оставить комментарий