Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жей баштады

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Тайгараев айыл аймагы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, учурда дарыянын сол жээгин жеп баштаган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, натыйжада Ынтымак айылына кооптуулук жаралгандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, кечирилгис иш-чараларды көзөмөлдө үчүн 2017-жылдын 18-апрелде КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген топ жерине чыгып кетишти.

Дарыянын агымы учурда 250м/сек түзөт.

Суунун агымы Блоговешенко айылындагы Сел жана суу ташкындардан коргоо бөлүмүнүн балансындагы №4 коргоочу тосмону жууп, Блоговешенко айылындагы турак жайларга кооптуу абал жаралууда.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Т.Темирбаев, КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу, КР ӨКМнин Жалал-Абад шаардык бөлүм башчысы, КР ӨКМнин Калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн офицери, КР ӨКМнин Мониторинг департаментинин адиси, шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары жана аймактык башкармалыгынын жетекчиси кооптуу бул жерге барышып абал менен таанышышкан.

17-апрелде саат 21:00дө Жарандык коргонуу кызматтарына “Айгай” жарыяланып, жеринде тактоо жана Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында чогулуш өткөрүлүп, 30 мекеме ишканалардын ар бирине 1 ден оор жүк ташуучу унаа менен таш алып келип дарыянын жээгин бекемдөө иштери милдеттендирилип, анын негизинде суу жеп кеткен жерлерди бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий