• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көк бөрү: Биринчи лигада "Соң-Көл" үчүнчү орунду ээледи, финалдык оюн эртең өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Көк бөрү боюнча мелдештин Биринчи лигасындагы үчүнчү орунга болгон беттеште "Соң-Көл" командасы коло медалдарды жеңип алды.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча мелдеш Нооруз майрамына карата Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында өтүүдө.

"Соң-Көл" командасы үчүнчү орун үчүн "Казарман" командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде утуп алган.

Эртең көк бөрүдөгү Жогорку Лига жана Биринчи лиганын командаларынын финалдык оюндары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий