• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көк бөрү биринчилиги: Бүгүн КР менен Өзбекстан курама командасы беттешет

Спорт 0

Бишкек, 22.08.2017/Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандын курама командасы бүгүн, 22-августта, Өзбекстандын курама командасы менен беттешет. Бул тууралуу “Кабарга” КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Монголиянын курама командасын 4:0 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.

Пикир

Оставить комментарий