• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көк бөрү биринчилиги: КР менен Монголия бүгүн кечинде беттешет

Спорт 0

Бишкек, 21.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча биринчиликте бүгүн кечинде Монголия менен оюн көрсөтөт. Бул тууралуу “Кабарга” КРнынЖаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Эске сала кетсек, Кыргызстан курама командасы биринчи турда Монголияга каршы чыккан эмес. Анын башкы себеби болуп, уюштуруучулардын кыргыз оюнчуларынын аттарынын артындагы такаларын чечиш керек деген талап коюлгандыгында болгон. Бирок мындай талап регламенттин талабында көрсөтүлгөн эмес. Спортчулар өздөрү билдиргендей, мындай шартта аттардын буттары кокустап калышы ыктымал.

“Калыстык коллегия Кыргызстандын курама командасынын аттарынын такаларын чечпөөгө уруксат берди. Кыргыз курама командасынын биринчи оюну бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 17:00 болот”,- деп билдиришти мекемеден.

Дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.

Мелдеш Казакстадын борбору Астана шаарында өтүүдө. Көк бөрү боюнча биринчиликтин ачылыш аземи бүгүн болот.

Пикир

Оставить комментарий