• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көк бөрү биринчилигинде Кыргызстан мөөнөтүнөн мурда финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 24.08.17 /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Астанада өтүп жаткан көкпар (кыргызча аталышы көк бөрү – ред.) боюнча биринчиликте мөөнөтүнөн мурда финалга чыкты.

“А” тайпасында Кыргызстандын курамасы бардык каршылаштарын утту: алгач Монголиянын курама командасын - 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын – 11:2, Түркияны – 13:3 эсебинде, Тажикистанды - 15:2 эсебинде жеңген.

Эртең, 25-августта, кыргыз улакчылары АКШнын курама командасы менен беттешет.

Төртүнчү турдун жыйынтыгы боюнча КРдин активинде 12 бал, Монголия жана Тажикстанда 9 баллдан бар.

Көкпар боюнча дүйнөлүк биринчилик Астананын “Казанат” ипподромунда өтүүдө. Үчүнчү орун үчүн беттеш 27-августта болот. Байге фонду 18 млн тенге (3,7 млн сом).

Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.

Пикир

Оставить комментарий