• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көк бөрү боюнча КР президентинин Кубогу башталды

Спорт 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында КР президентинин Кубогу үчүн турнир башталды.

Турнирде 12 команда ат салышат: «Келечек», «Арашан», «Четинди», «Төш Булак», «Бакубат» «Талас», «Ысык-Ата», «Алыкул», «Бакай-Ата», «Сокулук», «Көк-Жал», «Толкун», «Сары-Өзөн» «Рассвет».

Күйөрмандар беттештерди КТРК Спорт каналы аркылуу саат 10:00дөн кечки саат 16:00гө чейин көрө алышат.

Беттештер 30-августта аяктайт.

Эске сала кетсек, көк бөрү боюнча президенттин Кубогу жыл сайын өткөрүлөт. Акыркы жолу Ош облусунун «Достук» курамасы чемпион аталган.

Пикир

Оставить комментарий