• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Көк бөрү боюнча мелдештин үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 19-мартта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында көк бөрү мелдешинин үчүнчү күнү аяктады.

Үчүнчү күндүн жыйынтыгы:

"Ынтымак" – "Сары-Өзөн" - 2:0;

"Достук" – "Мурас" - 11:6.

20-мартка карата программа:

3-4 – орун үчүн мелдеш (Биринчи лига);

3-4 –орун үчүн мелдеш (Жогорку лига);

Саат 10:00 – "Бакубат Талас" – "Сокулук";

Саат 11:30 – "Сары-Өзөн" – "Ала-Тоо";

Саат 13:00 – 14:00 – Ат чабыш;

Саат 13:00 – 18:00 – Салбуурун;

Саат 14:00 – 18:00 – Эр эңиш.

Эскерте кетсек, быйыл көк бөрү оюнунда жогорку лигага жалпы 6 команда катышса, биринчи лигага өлкөнүн бардык аймактарынан 21 команда катышууда.

Пикир

Оставить комментарий