• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Көк бөрү боюнча мелдештин экинчи күнүнүн жыйынтыгы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 18-мартта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында көк бөрү мелдешинин экинчи күнү аяктады.

18-марттагы оюндун жыйынтыгы:

"Бакубат Талас" - "Жети-Өгүз" - 0:3;

"Кара-Буура" - "Сокулук" - 2:1;

"Жаш Күч" - "Ынтымак" - 2:5;

"Ала Тоо" - "Мурас" - 4:0.

19-мартка карата программа:

Саат 11:00 – "Сары-Өзөн" - "Ынтымак";

Саат 12:30 – "Достук - "Мурас".

Эскерте кетсек, быйыл жогорку лигага жалпы 6 команда катышса, биринчи лигага өлкөнүн бардык аймактарынан 21 команда катышууда.

Пикир

Оставить комментарий