• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу күзүндө өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу эпидемиологиялык абалга байланыштуу ушул жылдын октябрь айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны уюштуруу агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык, 2020-жылдын 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүү пландалган.

Мамагенттик мелдештин датасын жана өтө турган жерин алдын ала жарыялайт.

Белгилей кетсек, мелдештердин жүрүшү КТРК Спорт телеканалында көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий