• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу: Коло байге ээлери аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 07.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-ноябрь күнү президенттин көк бөрү боюнча кубогунун ырааттамасына жана мелдештик сеткасына ылайык, Биринчи жана Жогорку лигалардын 3-орун үчүн оюндары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18:2 эсеби менен «Келечек» командасы «Суусамыр» командасын жеңип, Биринчи лиганын коло байгесинин ээси болду. Жогорку лигада «Сары-Өзөн» командасы 9:1 эсеби менен алдыга чыгып, «Жаш-Күч» командасын артка калтырды.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда президенттин көк бөрү боюнча кубогунун финалдык беттештери өтөт.

Пикир

Оставить комментарий