• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу: Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыктары

Спорт 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында кечээ, 3-ноябрда көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш башталган. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку лигада 6 команда, Биринчи лигада 12 команда катышып жатат. Ар бир лиганын ичинде командалар 3 командадан турган тайпаларга бөлүнгөн.

Кечээ, Биринчи лиганын командалары арасында алгачкы беттештер өттү. Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыктары төмөндөгүдөй болду:

Биринчи лиганын командалары:

"Жети-Өгүз" – "Төш-Булак" - 5:0;
"Сокулук" – "Четинди" - 9:0;
"Ай-Тамга" – "Мурас" - 2:5;
"Саяк" Жумгал – "Суусамыр Байтур" - 4:3.

Чучукулактын жыйынтыгы боюнча тайпалар төмөндөгүдөй түзүлдү:

Жогорку лига:

А тайпасы: Ынтымак, Ат-Башы, Сары-Өзөн;
B тайпасы: Достук, Жаш-Күч, Кара-Буура.

Биринчи лига:

А тайпасы: Жети-Өгүз, Төш-Булак, Ала-Тоо;
В тайпасы: Сокулук, Четинди, Келечек;
С тайпасы: Ай-Тамга, Мурас, Тору-Айгыр;
D тайпасы: Жумгал, Суусамыр, Көк-Жар

Пикир

Оставить комментарий