• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу Ысык-Көлдө өтөт

Спорт 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө карата уюштурулган ат оюндары Ысык-Көлдө өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында 26-31-август күндөрү өтөт.

Оюндар өтө турган күндөр:

- 26-29-август күндөрү көк бөрү боюнча оюндар;

- 30-август күнү көк бөрү боюнча үчүнчү орун үчүн оюн, салбуурун жана эр эңиш боюнча таймаш;

- 31-август күнү ат чабыш жана эр эңиш, салбуурун, көк бөрү боюна финалдык таймаш.

Оюндарды өткөрүүгө 3 млн. 697 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий