• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көк бөрү: "Достук" командасы "Сары-Өзөндү" жеңип, кайрадан финалда "Ынтымак" менен ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 07.05.09. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште "Достук" командасы финалга чыкты. Бул көк бөрү боюнча мелдеш Жеңиш күнүнө карата уюштурулуп жаткан ат оюндарынын алкагында өтүүдө.

Алар бүгүн "Сары-Өзөн" командасы менен ойноп, 10:4 эсебинде жеңишке жетишти.

Эми ал "Сары-Өзөн Рассвет" командасын 8:0 эсебинде утуп финалга чыккан "Ынтымак" командасы менен ойномокчу. Финалдык оюн 9-май күнү болуп өтөт.

Ал эми "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен "Сары-Өзөн" үчүнчү орун үчүн ойнойт.

Белгилей кетсек, аталган командалар көк бөрүнүн Жогорку лигасында ойношот.

Пикир

Оставить комментарий