• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Көк бөрү: Финалда "Ынтымак" менен "Достук" командалары беттешет

Спорт 0

Бишкек. 21.03.19 /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта, Нооруз майрамына карата өткөрүлүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюнунда "Ынтымак" менен "Достук" командалары беттешет. Бул тууралуу "Көк бөрү" федерациясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку лигадагы жана Биринчи лиганын командаларынын ортосундагы финалдык оюндар өтөт.

Биринчи лиганын финалында "Келечек" менен "Алкан Ата" командалары беттешет. Алардын оюну саат 10:00 башталат.

Жогорку лигада биринчи орун үчүн "Ынтымак" менен "Достук" командалары таймашат. Алардын оюну саат 13:00 башталат.

Эскерте кетсек, былтыр ушул эле командалар финалдык оюнда беттешип, "Ынтымак" командасы жеңип кеткен.

Пикир

Оставить комментарий