• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Көк бөрү: "Көл-Төр" командасы биринчи лиганын жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Улуу Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык турнир өтүп жатат.

Бүгүн биринчи лигада финалдык беттеш өтүп, Ысык-Көл облусунун ”Көл-Төр” командасы Таластын "Кара-Буура" командасын 2:1 эсебинде утуп алды.

Кечээ биринчи лигада Таластын "Алкан-Ата" командасы Нарындын "Ат-Башы" командасын 3:0 эсебинде жеңип, турнирдин коло медалдарын утуп алган.

Эске салсак, бүгүн Жогорку лиганын финалында Таластын "Ынтымак" жана Оштун "Достук" командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий