• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көк бөрү: Кыргыз улакчылары Түркиянын курамасын 13:3 эсебинде утту

Спорт 0

Бишкек, 23.08.17 /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Астанада өтүп жаткан көкпар (кыргызча атылышы көк бөрү – ред.) боюнча дүйнө биринчилигинде Түркиянын курама командасын 13:3 эсебинде утту.

Кыргыз курама командасы 21-августта Монголияны - 4:0 эсебинде, андан соң Өзбекстанды – 11:2 эсебинде жеңген.

Эртең, 24-августта кыргыз курамасы Тажикстандын курама командасы менен ал эми 25-августта АКШнын курамасы менен беттешет.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Монголиянын курама командасын 4:0 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.

Пикир

Оставить комментарий