• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Көк бөрү: Кыргызстан АКШны 11:6 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 25.08.17 /Кабар/. Кыргыз улакчылары Астанада өтүп жаткан көкпар (кыргызча аталышы көк бөрү – ред.) боюнча АКШнын курама командасын 11:6 эсебинде утту.

Оюн башталганда алгач Монголиянын курама командасын - 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын – 11:2, Түркияны – 13:3 эсебинде, Тажикистанды - 15:2 эсебинде жеңген болчу.

Ошентип, Кыргызстан 5 ирээт тең жеңишке жетип, финалга жолдомо алды.

Финалда Кыргызстан курама командасы “В” тайпасы боюнча алдыга озуп чыккан казак улакчылары менен беттешет.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.

Көкпар боюнча дүйнөлүк биринчилик Астананын “Казанат” ипподромунда өтүүдө. Үчүнчү орун үчүн беттеш 27-августта болот. Байге фонду 18 млн тенге (3,7 млн сом).

Пикир

Оставить комментарий