• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Көк бөрү: Кыргызстан Тажикстанды 15:2 эсебинде утту

Спорт 0

Бишкек, 24.08.17 /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча биринчиликте Тажикстанды 15:2 эсебинде утту.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Монголиянын курама командасын - 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын – 11:2, Түркияны – 13:3 эсебинде жеңген.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.

Пикир

Оставить комментарий