• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Көк бөрү Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизилди

Коом 0


Бишкек, 7.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Көк бөрү салттуу оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди. Мындай чечим Чеджу (Түштүк Корея) аралында 4-9-декабрда өткөн материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 12-сессиясында кабыл алынды.

Кыргызстандан тышкары жыйында белгилүү салттардын жана чыгармачыл формалардын 33-34 жаңы өтүнмөлөрү каралат: Армениянын Rочари жамааттык эркектер бийин маданий мурастар тизмесине киргизүү сунушу каралат. Азербайжан бул тизмеге азербайжан долмасын даярдоо рецебин киргизүү өтүнүч катын жөнөткөн.

Казакстандын бийлиги тизмени Асык салттуу оюндары менен толуктоону сунуш кылышууда. Тажикстан бул тизмеге белгилүү Фалак улуттук ырын, Түркмөнстан Куштдепди эски бийин киргизүүгө чакырышты.

Эскерте кетсек, буга чейин тизмеге “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги, төкмөчүлүк өнөрү, ала кийиз, шырдак жасоо кол өнөрчүлүгү ж.б. кирген.

Пикир

Оставить комментарий